
«Иран патриоттору, аракеттериңерди улантыңыздар - бийлик органдарын көзөмөлгө алыңыздар! Кийип, өлтүрүп, зордуктаган адамдардын аттарын эстеп калыңыздар. Алар жазасын алышы керек. Мен ирандык расмий адамдар менен болгон бардык жолугушууларымды токтоттум, нааразычылык билдиргендерди өлтүрүү токтогонго чейин. Жардам келе жатат. Иранды кайрадан улуу кылабыз», — деп жазды АКШнын президенти өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.
Трамп ошондой эле нааразычылык билдиргендерди өлтүрүү токтогонго чейин Ирандын расмий адамдарыменен болгон бардык байланыштарды токтотконун баса белгиледи.
Бул билдирүүлөргө жооп катары Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани БУУнун башкы катчысы жана Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жөнөттү. Ал Трамптын билдирүүлөрү Ирандын суверенитетине жана коопсуздугуна коркунуч туудураарын билдирип, АКШ менен Израилдин тынч жарандардын өлүмүнө болгон түз жоопкерчилигин белгиледи. Иран БУУнун Коопсуздук кеңешин АКШнын зордук-зомбулукка чакырууларын жана коркутууларын айыптоого чакырууда.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Сауд Аравиясы, Оман жана Катар да АКШны Иранга каршы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырышты.
Акыркы маалыматтарга ылайык, нааразычылык акциялары Ирандын 186 шаарында (31 провинция) 585 жерди камтып, кармалгандардын саны он миңдерден ашып кеткен.
Мамлекетте интернетке кирүү 100 сааттан ашык убакыттан бери жок экенин, мобилдик байланыш дагы өчүрүлгөнүн белгилеп кетүү керек. Экономикалык кризис жана жергиликтүү валютанын баасынын төмөндөшү менен байланышкан массалык демонстрациялар 2025-жылдын декабрь айынан бери уланууда.