
Иш-чарага Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Депутаттар заводдун иши, техникалык жабдылышы жана өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышып, таштандыларды чогултуу жана күйгүзүү процессин, ошондой эле электр энергиясын өндүрүү процессин көзөмөлдөштү. Заводдун адистери автоматташтырылган башкаруу системалары, техникалык процесстер жана экологиялык коопсуздук стандарттарын сактоо боюнча маалымат беришти.
Айбек Джунушалиевдин белгилөөсү боюнча, завод учурда күнүнө болжол менен 1000 тонна таштанды кайра иштетип, саатына 30 киловаттка чейин электр энергиясын өндүрөт. Келечекте ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү пландалууда.
Жыйында заводдун иши менен байланышкан маанилүү маселелер талкууланды. Атап айтканда, өлкөнүн түштүгүндө окшош объектилерди куруу, инвестициялык келишимдердин шарттары, жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкта жаш адистерди даярдоо, эски таштанды полигонунун рекультивациясы жана чектеш аймактарды жашылдандыруу маселелери көтөрүлдү. Мындан тышкары, депутаттар Кыргызстандын жарандарын жумушка орноштуруу, эмгек акы деңгээли жана эмгек шарттары, ошондой эле шаар четиндеги аймактардан таштандыларды чыгаруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле выезддик жыйынынын катышуучулары Бишкектеги түтүн жана абанын булганышы проблемаларын, абанын сапатын жакшыртуу, транспорттук тыгындарды азайтуу жана тиешелүү шаардык программаларды ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулашты.