Кант шаардык кеңешине жаңы депутат кирди

Ирэн Орлонская Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Кант шаардык кенешинде жаңы депутат дайындалды. Кенештин пресс-кызматы бул тууралуу Turmush агенттигинин кабарчысына билдирди.

«“Ынтымак” партиясынан депутат Алаков Чыңгыз Качкынбекович өз ыйгарым укуктарын эрте токтотуу боюнча арыз берген, бул партиянын тизмесиндеги кийинки талапкер — Турганалиев Ренат Нурбековичке бошонгон мандатты ээлөөгө мүмкүнчүлүк берди», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Кант шаардык кенешинде жалпы 31 мандат бар.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: