Кара-Балтада мамлекеттик менчикке 105 миллион сомдон ашык баадагы автобаза кайтарылды

Марина Онегина Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Жайыл районунда мурда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен автобаза кайтарылды. Бул тууралуу 28-январда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Жайыл районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүү 2004-жылы Кара-Балтадагы Центральная көчөсүндө жайгашкан социалдык объект — автобаза мыйзамды бузуу менен жеке колго өткөрүлгөнүн аныктады.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында, 1,4 гектар аянты жана 105,9 миллион сомдук базар баасы бар жер участогу толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: