
Алдамчылыкка шектелген аял кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды
22-февралда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө К.М. аттуу жаран кайрылып, С.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.
Жалобочунун айтымында, С.А. анын ишенимин пайдаланып, зергерчилик буюмдарын сатуу шылтоосу менен 5 млн 154 миң сомдук алтын зергерчилик буюмдарын алып, изин жашырып кеткен.
Бул жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган шектүү кармалды.
Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.