
Кармалгандардын колунда 50 пакет синтетикалык наркотик табылды
Бишкек ШИИБинин наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматына келип түшкөн маалыматка ылайык, Первомай районунда синтетикалык наркотиктерди закладка аркылуу таратууга аракет кылган адамдар байкалган.
«Притон» операциясынын алкагында жана жүргүзүлгөн оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерлер эки шектүүнү кармашты: 2006-жылы туулган А.Б. жана 2007-жылы туулган А.Т. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө алардын колунан сатуу үчүн даярдалган 50 пакет синтетикалык наркотик алынган. Алар наркотиктерди Telegram-канал аркылуу алып, андан кийин аларды бөлүп, шаар боюнча жашыруун жерлерге жашыргандыгы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 282-беренеси (сатуу максатында наркотикалык заттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринде, кызматтык итти тартуу менен, шашылыш тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында электрондук тараза, упаковка материалдары, скотч, термоусадочные түтүктөр, резинка жана беткаптар, ошондой эле наркотиктерди фасовкалоо үчүн колдонулган башка буюмдар табылып, алынган.
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын УПКсынын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөө уланууда.
Сүрөт www