Бул өзгөртүүлөр "Наркотикалык заттар, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлор" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, мындай заттардын жүгүртүүсүнө мамлекеттик контролду жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
Жобо контролго алынуучу заттардын тизмесин кеңейтүүнү сунуштайт.
Чектелген жүгүртүүгө жана атайын контролго алынган наркотикалык заттардын I тизмесине синтетикалык опиоиддер тобунан нитазендер катарындагы төрт жаңы затты кошуу пландалууда:
- N-пирролидино протонитазен;
- N-пирролидино метонитазен;
- N-дезэтил-изотонитазен;
- этонитазепипн.
Чектелген жүгүртүүгө жана атайын контролго алынган психотроптук заттардын II тизмесине төмөнкү заттар киргизилет:
- гексагидроканнабинол (HHC/ГГК);
- лиздексамфетамин.
Мындан тышкары, чектелген жүгүртүүгө жана жалпы контролго алынган психотроптук заттардын III тизмесине төмөнкү зат кошулушу сунушталууда:
- каризопродол.
Ошондой эле наркотикалык заттардын жана психотроптук заттардын аналогдоруна жаңы позициялар менен тизмени толуктоо пландалууда, алардын арасында 4-BMC (брефедрон), 4F-PBP, 4F-PHP жана башка бир катар бирикмелер бар.
Киргизилген өзгөртүүлөр ошондой эле Кылмыш кодексинин жана Жоруктар кодексинин беренелери боюнча аракеттерди квалификациялоого маанилүү заттардын өлчөмдөрү таблицасына тиешелүү. Жаңы позициялар үчүн төмөнкү чектөө маанилери сунушталууда:
- нитазендер үчүн — 0,1 грамм (кичине өлчөм), 0,1–3 грамм (чоң), 3 грамм (өзгөчө чоң);
- лиздексамфетамин үчүн — 0,1 грамм / 0,1–3 грамм / 3 грамм;
- HHC үчүн — 0,2 грамм / 0,2–6 грамм / 6 грамм;
- каризопродол үчүн — 0,05 грамм / 0,05–1,5 грамм / 1,5 грамм.
Түшүндүрмө жазууда Кыргызстан, наркотикалык жана психотроптук заттарды контролдоо боюнча эл аралык конвенциялардын катышуучусу катары, улуттук тизмелерин актуалдаштырууга милдеттүү экендиги белгиленет. Ошондой эле наркотикалык заттар боюнча комиссиянын чечимдери жана жаңы наркотиктер жана психоактивдүү заттар боюнча эрте кабар берүү механизминин иши жөнүндө сөз болот.