***
28-февралда таңкы саатта Израильдин ВВСи АКШ менен биргеликте Иранга сокку урду. Президент Дональд Трамп Ислам Республикасынын ядролук иштеп чыгууларын жок кылуу пландарын тастыктады.Бул аракеттерге жооп катары Иран Израильдин аймагындагы жана Американын аскер базалары жайгашкан башка Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү стратегиялык объектилерге сокку урду. Сокку Бахрейнге, Катарга, Кувейтке, Абу-Даби жана Дубайга (БАЭ) жана Эр-Риядга (Сауд Аравиясы) жасалды.
АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулунун натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлдү. Анын аялы, Мансуре Ходжасте, чабуулдардын натыйжасында алган жаракаттарынан каза болду.
Трамп Ирандагы аскердик операциялар төрт жумага созулаарын билдирди. Иранда АКШ жана Израилге каршы жихад жарыяланды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн так баш тартылды.
Түштүк-Чыгыш Азиядагы конфликт эл аралык абалга, анын ичинде Кыргызстанга таасир этүүдө. Учурда миңдеген туристтер ОАЭде конфликттин кесепетинен калып жатышат. Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдөгү элчиликтердин жана консулдуктардын телефон номерлеринин тизмесин бул жерден табууга болот.