
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүү учурунда, Жети-Огуз районунун прокуратурасы 2008-жылы Кызыл-Суй айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жалпы аянты 8 гектарды түзгөн жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгенин аныктады.
Генералдык прокуратуранын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, прокурордук көзөмөлдүн кийлигишүүсүнөн кийин, баасы 7 млн 815 миң сомду түзгөн бул жер тилкелери кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.