
Ведомствонун маалыматына ылайык, 9-мартта социалдык тармактарды мониторингдөө процессинде Facebook’та «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт табылган. Бул аккаунт аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик органдарын каралоо жана өлкөдөгү коомдук-саясий абалды начарлатууга багытталган публикациялар таралган.
Мындан тышкары, бул публикациялардын кээ бирлерине берилген комментарийлерде абалды дестабилизациялоого жана массалык башаламандыкка түрткү берүүчү билдирүүлөр болгон.
Бул факт боюнча Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 278-беренеси боюнча массалык башаламандыкка чакырыктар боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМ кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен биргеликте фейк аккаунттын артында 1976-жылы туулган жана А.А. баш тамгалары бар журналист турганын аныкташты. Ал кармалды.

Кармалган адам Алтынай Арстанбекова экени такталды.
10-мартта анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ИИМ кызматкерлери мобилдик телефондорду, планшеттерди, ноутбуктарды, видеокамераларды, документтерди жана териштирүүгө тиешеси бар башка буюмдарды алып кетишти.
11-мартта шектүү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Учурда зарыл экспертизалар дайындалды, тергөө иштери уланууда.