Жарылуучу түзмөк тууралуу сигнал 102 кызматына 10:58де келип түштү.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө-оперативдик топ жана Ленин районунун УВД жетекчилиги тез арада келишти.
Коопсуздук максатында жана келүүчүлөрдү эвакуациялоо үчүн соода борборунун аймагы курчалган. Азыркы учурда зарыл болгон издөө жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
