
Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын унаасы Коль-Бел тоо участкасында, Коргонду-Булак айылына жакын жерде бузулган. Өздөрү чыга албай, 112 номерине чалып, куткаруучуларды чакырышкан.
ӨКМнин сүрөтү
Окуя болгон жерге Тон райондук ӨКМ № 38 бөлүмүнөн төрт кызматкерден турган атайын топ жөнөтүлгөн. Куткаруучулар тез эле эркек жана аялды таап, аларды коопсуз жерге — Боконбаево айылына жеткиришти.
ӨКМден алынган маалыматка ылайык, куткарылгандардын абалы канааттандырарлык, медициналык жардамга муктаж болушкан жок.