
Манас шаарында жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө 721 миң 440 сомдук контрабандалык сигареттер алынды, бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Рейд учурунда борбордук базарда акциздик маркалары жана керектүү коштоочу документтери жок 6 миң 12 куту сигарет табылды.
Учурда ведомство бул ишти укук коргоо органдарына өткөрүү үчүн материалдарды даярдоо менен алектенүүдө.




