Белекте (Түркия) Кочкор-Ата клубу «Нефтчи» өзбек командасы «Хорезмди» 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.
Матч: «Нефтчи» (Кочкор-Ата) — «Хорезм» (Узбекистан) — 4:0, Белек
Голдордун авторлору: Михейли Эргемлидзе, Николоз Башелейшвили, Дастан Токтосунов жана Тимур Нурматов.
Бул публикацияны Instagramда көрүү
Публикация FOOTBALL CLUB «NEFTCHI» 🇰🇬 (@pfcneftchikg) тарабынан
Талас шаарындагы «Азия» командасы да ийгиликке жетишип, грузин «Гаграга» 75-мүнөттө коргоочу Християн Браузманын голу менен минималдуу жеңишке жетти.
Матч: «Азия» (Талас) — «Гагра» (Грузия) — 1:0
Гол: Християн Браузман, 75-мүнөт (1:0)
Башка матчтарда «Азиягол» (Бишкек) «Одиши» (Грузия) менен 0:0 эсебинде тең ойноду, ал эми «Барс» (Каракол) «Ахматка» (Россия) 0:2 эсебинде жеңилип калды. «Мурас Юнайтед» (Манас) «Колоско» (Украина) 0:3 эсебинде жеңилди, «Алай» (Ош) чех «Пшибрамга» 0:1 эсебинде жеңилип калды, ал эми ОшМУ (Ош) «Худжанд» (Тажикстан) менен 0:0 эсебинде тең ойноду.