
Албанияда өткөн эркин күрөш боюнча рейтингдик турнире кыргызстандык Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль утту. Бул маалымат Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан жарыяланды.
74 килограмм салмак категориясындагы финалдык беттеште Токтомамбетов ирандык күрөшчү Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде жеңилип калды.
Финалга жетүү жолунда кыргызстандык спортчу Азербайжан, АКШ жана Грузиядан келген атаандаштарын жеңди.
Мындан тышкары, 70 килограмм салмак категориясында Эрназар Акматалиев алтын медаль утуп алса, Залкарбек Табалдиев коло медальдын ээси болду.