Албаниядагы күрөш турнири. Кыргызстандык Эрназар Акматалиев алтын медаль утту

Арестова Татьяна Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Албаниядагы күрөш турнири. Кыргызстандык Эрназар Акматалиев алтын медаль утту
Сүрөт UWW. Эрназар Акматалиев
Албаниядагы эркин күрөш боюнча рейтингдик турнире кыргызстандык Эрназар Акматалиев алтын медаль утту. Тийиштүү маалымат Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан жарыяланды.

Акматалиев 70 килограммга чейинки категорияда чыгышып, чечүүчү беттеште америкалык спортчу Алекс Вильям Понталеого каршы минималдуу артыкчылык менен 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

Финалга жетүү жолунда кыргызстандык күрөшчү Россия, Молдова жана Казакстандык атаандаштарын жеңди.

Мындан тышкары, ошол эле салмак категориясында анын мекендеши Залкарбек Табалдиев коло медаль утту.

Ошондой эле, 74 кг салмакта Орозобек Токтомамбетов медалдар үчүн күрөшөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: