
Фото UWW. Мээрим Жуманазарова
Албанияда өткөн рейтингдик күрөш турниринде Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту, бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) маалымат берилди.
Финалда 68 килограмм салмак категориясында кыргызстандык спортчу болгардын Юлиана Янева менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди.
Турнир учурунда Жуманазарова АКШ жана Түркиянын күрөшчүлөрүнө каршы жеңишке жетишкен.
Ошондой эле, анын мекендеши Эрназар Акматалиев Албаниядагы эркин күрөш турниринин жеңүүчүсү болду.