Төрт кыргызстандык дүйнөлүк рейтингдин ТОП-10уна кирди

Елена Краснова Спорт
VK X OK WhatsApp Telegram
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) спортчулардын дүйнөлүк рейтингин жаңылады.

Маалыматтар 25-февралдан 1-мартка чейин Албанияда өткөн рейтингдик турнирдын жыйынтыгы боюнча жыйналды.

Бул мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы үч медаль утту.

Жаңыланган рейтингге төрт кыргызстандык кирди, алар жогорку орундарды ээлешти.

57 кг салмак категориясында

2-орун - Бекзат Алмаз уулу

61 кг салмак категориясында

8-орун - Тайырбек Жумашбек уулу (мурунку рейтингде 9-орунду ээлеген)

70 кг салмак категориясында

2-орун - Эрназар Акматалиев (мурун 3-орунду ээлеген)

74 кг салмак категориясында

10-орун - Орозобек Токтомамбетов (мурунку рейтингде 24-орунда болгон)
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: