
Бул рейтинг 25-февралдан 1-мартка чейин Албанияда өткөн турнирдеги жыйынтыктарга ылайык түзүлгөн.
Бул мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы үч медаль утту.



Рейтингдин экинчи орунунда Бекзат Алмаз уулу (57 кг салмак категориясында) жана Эрназар Акматалиев (70 кг) жайгашкан.
Тайырбек Жумашбек уулу 9-орунду (61 кг) ээлесе, ондукка кирген Орозобек Токтомамбетов (74 кг) болуп саналат.