ВИК уюштуруучулары Оюндардагы салмак категорияларынын кыскаруу себептерин түшүндүрүштү
VI Дүйнөлүк кочевниктер оюндарынын алкагында салмактык категорияларды кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда Дүйнөлүк кочевниктер оюндарынын Эл аралык секретариатынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди. Аденовдун айтымында, мындай кадам мурдагы оюндардын анализинин натыйжасы болуп саналат. Ал салмактык категориялардын көптүгү мелдештерди уюштурууну кыйындатат жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусун азайтат деп белгиледи. «Эгер бир спорт түрү бүт күнгө