
Сүйлөшүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча 09:00дө башталды, өткөрүлүүчү аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Россия, АКШ жана Украина ортосундагы үч тараптуу жолугушуулардын үчүнчү раунду бүгүн жана эртең, 17 жана 18-февралда уланат. Россиянын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектесе, Украинаны Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров өкүлчүлүк кылууда.