
Жаңы эрежелерге ылайык, Россиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн жана мыйзамды бузган чет элдиктер 100дөн 200 саатка чейин мажбурлап иштөө же административдик айып пул түрүндө жазага тартылат.
Эгер алар спорттук иш-чараларда жүрүм-турум эрежелерин бузса, аларга мындай иш-чараларга катышууга 1 жылдан 7 жылга чейин административдик тыюу салынат.
Инициатива 11-мартта Мамлекеттик Думадан колдоо тапты, андан кийин 18-мартта Федерация Кеңеши тарабынан бекитилди.
Ошондой эле, марттын башында Путин Россиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтүп жаткан же өтүп кеткен чет элдик жарандарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Чет элдиктер Россия армиясында кызмат өтүү үчүн 2022-жылдын ноябрынан баштап, жарандыгы жок адамдар болсо өткөн жылдын июлунан баштап келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.