"Бул биздин көзөмөл жана сертификаттоо системабыздын Евросоюздун стандарттарына ылайык келерин тастыктап турат", - деп айтылат билдирүүдө.
Еврокомиссиянын чечими кыргызстандык бал өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын эл аралык базарлардагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.Мурда кыргыз балын европалык базарга чыгаруу үчүн аракеттер жасалган, бирок катуу сертификаттоо талаптары бул процессти мүмкүн эмес кылган.
"Министрлик Европалык Союздун рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берген ички продукциянын ассортиментини көбөйтүү боюнча ишин улантат", - деп кошумчалашты ведомстводо.