Каржы министрине келишимди кол коюу жана принципиалдык маселелерге тиешелүү эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу берилди.
Келишимдин шарттарына ылайык, Кыргыз Республикасы 1 миллион АКШ долларын өлчөмүндө субгрант алат. Бул каражаттар ишкерлерди тейлөө борборлорун өнүктүрүүгө, атап айтканда:
- ишкерлерди тейлөө үчүн интеграцияланган агенттиктин операциялык моделин түзүү;
- лицензиялоо жана сертификаттоо жаатында борборлор аркылуу кызматтарды оптимизациялоо жана кеңейтүү;
- онлайн кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берген цифралдык платформаны иштеп чыгуу.
Иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги дайындалды. Каржылоо Экономикалык диверсификацияны илгерилетүү программасынын (3-беренеси) алкагында жүргүзүлөт.
Субгранттын мөөнөтү 2028-жылдын 30-июнуна чейин белгиленген. Каржылоонын негизги бөлүгү, тактап айтканда $933,86 миң, консультациялык кызматтарга, жабдууларды сатып алууга жана потенциалды өнүктүрүүгө жумшалат, калган каражаттар резерв катары бөлүштүрүлөт.
Келишим АБРдин финансылык башкаруу жана коргоо чаралары боюнча нормаларын сактоону талап кылат, ошондой эле кыргыз тараптан кошумча чыгымдарды, анын ичинде салык жана жыйымдарды каржылоону камсыздоону талап кылат.
Буйрук Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлган.