Мурда мындай колдоо формасы тек гана өнөр жайда колдонулуп келген. Бул механизмдин агропромышленный секторго кеңейиши ЕАЭСке мүчө мамлекеттер арасында кооперация үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
- Жаңы инициативанын максаты – импортту алмаштырууну стимулдаштыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана ЕАЭС өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу.
- Кооперативдик долбоорлорго финансылык колдоо АПКдагы өндүрүштүк чынжырларды бекемдөөгө, мамлекеттер арасында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана жогорку сапаттагы, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууга жардам берет.