Электрондук кезек i-Dyikan платформасы аркылуу жеткиликтүү болот, деп такташты министрликтен.
Фермерлер:
- платформада катталууга;
- жеңилдетилген кредитке арыз берүүгө;
- банкка алыстан кезекке турууга;
- арыздын статусун онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
Кредит каражаттары белгиленген критерийлерге жана жеңилдетилген финансылык программалардын талаптарына ылайык берилет.
Айыл чарба министрлигинде санариптик технологияларга өтүү мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алууга мүмкүнчүлүк берет, бул бюрократиялык процедураларды кыйла жеңилдетет деп баса белгилешет.