
Италиянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуусун билдиришти жана диалогду улантууга, ошондой эле бизнес мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын растады.
Переговорлордун алкагында кыргыз тарап учурдагы инвестициялык климат, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорго мамлекеттик колдоо чаралары жана инвестициялар үчүн негизги багыттар жөнүндө маалымат берди.
Тараптар ошондой эле кызматташтыктын келечегин тереңирээк изилдөө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн кошумча консультацияларды уюштуруунун зарылдыгы боюнча макулдашышты.
Автор: Елизавета Близнюк