
Бул окуя Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — автожол» көзөмөл пунктунун жанындагы товарларды эсепке алуу пунктунда болду. Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда эч кандай коштоочу документтери жок БАДдар табылды.
Табылган партиянын алдын ала баасы 31,2 миллион сомду түзөт.
Бул окуя боюнча зарыл актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына кийинки юридикалык териштирүү үчүн өткөрүлдү.