
Чүй облусу жана Бишкек жаңы долбоордун аянтчасы болот
Министрлер кабинетинин орун басары Эрлист Акунбеков өлкөдөгү эт бааларын стабилдештирүү боюнча чараларды жарыялады. Негизги демилгелердин бири эт кластерин түзүү боюнча пилоттук долбоор болот.
Бишкек жана Чүй облусунда ишке ашырылуучу долбоор, ири мүйүздүү малды өнөр жайлык багуу аркылуу эт өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталат.
2026-жылдан баштап, аталган кластерге катышкан фермерлер жана агробизнесмендер мамлекеттик жардамга, анын ичинде төмөн пайыздык ставкалар менен жеңилдетилген кредиттерге таянса болот. Каржылоо «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» сыяктуу мамлекеттик банктар аркылуу жүргүзүлөт.
Сүрөт www