Ошондуктан, министрликтен белгилегендей, сугат суусунун көлөмүн чектөө пландалууда, бул айрым аймактарда жетишсиздикке алып келиши мүмкүн.
Ведомство фермерлерге жана дыйкандарга төмөнкү чараларды кабыл алууну сунуштайт:
- суу үнөмдөөгө көмөктөшүүчү технологияларды колдонуу (мисалы, тамчы жана жаан сугат);
- азыраак ным талап кылган өсүмдүктөргө өтүүнү карап чыгуу;
- кургакчылыкка туруктуу уруктарды себүү.
Су менен камсыздоо боюнча маалымат алуу үчүн айылдык агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына же министрликтин адистерине кайрылуу керек.
«Сугат мезгилинде министрлик су ресурстарын адилеттүү жана тең салмактуу бөлүштүрүү менен алектенет.
Биз фермерлерди жана дыйкандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана суу үнөмдөөгө көмөктөшүүчү ыкмаларды активдүү колдонууга чакырабыз», - деп белгиленди ведомстводо.