Бул буйруктун натыйжасында президент Жапаров жаңы орун басар төрага кылып Медет Таировду дайындады.

Медет Таиров. Сүрөт kabar.kg.
Медет Таиров банкттык тармакта бай тажрыйбага ээ. Анын карьерасы Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкында менеджер кызматынан башталган. 2016-жылдан бери ал "Айыл Банк" акционердик коомунда иштеди, ошондой эле "Азия Банкы" жабык акционердик коомунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2023-жылдын февралынан тартып ал "Элдик Банк" акционердик коомунун башкармалыгынын орун басар төрагасы кызматын ээлеп келген. Мындан тышкары, Таиров Дүйнөлүк банкка кирген Эл аралык финансылык корпорациясында (IFC) консультациялык иштерде тажрыйбага ээ.