
3,4% майлуулугу бар сүт үчүн негизги баа аныкталды
Бүгүнкү күндө кайра иштетүүчү компаниялар фермерлерге төлөгөн сүттү сатып алуу баасы аймакка жараша өзгөрүп, 48 сомго чейин жетет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, Чүй облусунда сүттүн баасы 35тен 47 сомго чейин, Талас облусунда 32ден 41 сомго чейин, ал эми Ысык-Көл облусунда 34төн 48 сомго чейин өзгөрүп турат.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрында 724 номер менен бекитилген токтомуна ылайык, сүттүн негизги баасы 3,4% майлуулугу бар продукция үчүн эсептелет.
Сүрөт www