
Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик чек арада күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги Ош облустук химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин башкармалыгынын аракеттери тууралуу маалымдады.
Өткөн жумада «Достук» көзөмөл өткөрүү пунктунда Узбекистандан 26 тонна 978 кг пиязды өлкөгө киргизүүгө аракет жасалгандыгы катталды. Бирок, фитосанитардык сертификаттын жоктугу жана жүктүн туура эмес белгилениши себептүү, бул партия Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берилген жок.
Ош облустук башкармалыгынын адистери аталган жүктү текшерип, фитосанитардык мыйзамдардын бузулушун аныктап, аны жүк ташуучуга кайтарган.