
4-мартта Сокулук районунда жайгашкан Белогорка капчыгайында, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Рейд учурунда, түнкү 01:30 чамасында, мыйзамсыз аңчылык кылган эркек киши кармалды.
Анын унаасын текшерүү учурунда, зарыл уруксат документтери жок, кесилген огнестрелдик курал табылды.
