Бишкекте завод күйүп жатат
Бишкекте "Кыргыз Кербен" гранит заводунда өрт чыкты. Кырсык кырдаалдары министрлиги берген маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү 30-январда саат 21:35те келип түшкөн. От менен күрөшүүгө беш өрт өчүрүү бөлүгү, авто баскыч жана оперативдик штаб тартылган.