
Нардептин айтымында, жергиликтүү курулуштарда 100 миң сомго чейин табыш мүмкүн
30-январда өткөн «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев жаштарды курулуштарда иштөөгө тартуу үчүн маалыматтык кампанияны баштоону сунуштады.
Ал курулуш тармагы Кыргызстанда ылдам өнүгүп жатканын, бирок көптөгөн курулуш аянтчаларында чет элдик жумушчулар иштеп жатканын, ал эми өлкөнүн жаштары жакшы жашоо издеп чет өлкөгө кетип жатканын белгиледи.
"Курулуштарда 100 миң сомго чейин табыш мүмкүн. Биздин жарандарды ушул мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдаган видеолорду түзүү маанилүү. Бул жумушчу күчүнүн миграциясына оң таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп кошумчалады ал.
Сүрөт www