Ошто чет элдик студенттерди жалган чек көрсөтүп, айдоочуларды алдагандыгы үчүн кармашты
Ош шаарындагы экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматтын кызматкерлери коомдук транспорттун айдоочуларына жол киресин төлөө үчүн жалган чек колдонгон эки чет элдик студентти кармашты. Бул тууралуу түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгынан маалымдалды.