
Казыбек Молдажиев кикбоксингди жаштар арасында илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жаш муунду спортко тартуу жана дене тарбияны калыптандыруу агенттиктин негизги милдеттери экенин айтты. Ошондой эле, кикбоксингди ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн федерациянын ишине системалык мамиле кылуу жана эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку деңгээлде мелдештерди уюштуруу зарылдыгын белгиледи.