Иссык-Кулда браконьердик торлорду аныктоо жана жок кылуу иштери уланууда
Ысык-Көлдүн аймагында браконьерликке каршы күрөшүү максатында рейд өткөрүлдү. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алкагында иш алып барган Ысык-Көл облустук экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын адистери мыйзамсыз балык уулоочу торлорду алып, алардын жок кылынуусун уюштурушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.