Депутат: Араван районунда авариялык мектептер жабылган, балдар мечитте жана ФАПта окуп жатышат
Жогорку Кенештин жыйынында 14-январда депутат Айгуль Ахмедова Араван районундагы мектептердин критикалык абалына көңүл бурду. Ал жакында Мадамин Назаров атындагы орто мектепте жана Ош шаарындагы Кызыл-Кыштак айылдык аймагына кирген Ишкалан айылындагы Камил Макаримов атындагы №62 мектепте жүргүзгөн текшерүүсү тууралуу айтып берди.