
Аба температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу Бишкектин жылуулук электр борбору жогору даярдык режимине өтөт, деп билдирди мэриянын маалымат кызматы.
Шаардын туруктуу жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз болушун камсыздоо үчүн авариялык бригадалар күчөтүлүп, техникалык жана оперативдик персоналдын түнкү кезметтери уюштурулган. Ошондой эле негизги жана кошумча жабдуулардын ишине кошумча көзөмөл киргизилген.
Бардык ТЭЦ кызматтары мүмкүн болгон чукул кырдаалдарга тез жооп берүү үчүн тыгыз кызматташууда.
Температуранын төмөндөшү шартында ТЭЦ өзүнүн керектөөчүлөрүнө туруктуу жана ишенимдүү жылуулук жана электр энергиясын берүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.