Ведомствонун маалыматына ылайык, күчөтүлгөн иш режими калкка убагында медициналык жардам көрсөтүүгө жана бейтаптар агымын башкарууга багытталган.
Жаңы график боюнча, үй-бүлөлүк дарыгерлик борборлордун иши төмөнкү режимде жүргүзүлөт:
- дүйшөмбүдөн жумага чейин — 8:00дөн 20:00гө чейин;
- шаршемби күнү — 8:00дөн 18:00гө чейин;
- жекшемби күнү — 8:00дөн 14:00гө чейин.
Медициналык кызматкерлер шаар тургундарына температуранын көтөрүлүшү, жөтөл, алсыздык же дем алууда кыйынчылык сыяктуу симптомдор пайда болгондо, дароо үй-бүлөлүк борборлорго кайрылууну жана өз алдынча дарыланбоону катуу сунушташат.