
Балдар стационарларынын жетекчилери жана саламаттык сактоо системасынын координаторлору тарабынан берилген маалыматка ылайык, стационарларга кайрылуулар көп жылдык көрсөткүчтөрдүн чегинде турат. Бирок, кайрылуулардын бир бөлүгү баштапкы звенону айланып, түздөн-түз стационарларга келип жатканы байкалууда. Муну менен катар, жекшемби жана майрам күндөрүндө республикадагы бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда пациенттерди кабыл алуу үчүн дежурстволор уюштурулган.
Саламаттык сактоо министри үй-бүлөлүк медицина борборлорунда пациенттерди сорттоо жана маршрутизациялоону жакшыртуу зарылдыгын белгиледи, бул медициналык жардамдын ар кандай деңгээлдери арасында пациенттердин агымын оптималдаштырууга жардам берет.
Жыйында профилактикалык иштердин мааниси жана калкты маалымдоо маселелери да талкууланды. Каныбек Досмамбетов санитардык-просветительдик ишмердүүлүктү активдештирүү жана калкка медициналык жардамга кайрылуу жолдорун жана сезондук инфекциялардын алдын алуу чараларын түшүндүрүү үчүн медиа менен кызматташтыкты түзүү керектигин белгиледи.
«Эпидемиологиялык кырдаал өлкөдө туруктуу болуп турганына карабастан, бардык деңгээлдерде аракеттерди уюштуруу маанилүү. Биз баштапкы звенодо сорттоо жана маршрутизацияны жакшыртууну, профилактикалык иштерди улантууну жана калкты маалымат каражаттары аркылуу активдүү маалымдоону камсыз кылышыбыз керек, бул стационарларга негизсиз кайрылууларды азайтууга жана саламаттык сактоо системасын жалпы күчтөндүрүүгө жардам берет», — деп жыйынтыктады Каныбек Досмамбетов.
Жыйында кабыл алынган чечимдердин натыйжасында штаб күн сайын мониторинг жүргүзүүнү жана сезондук оорулардын мезгилинде саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн региондор менен оперативдүү координацияны улантууну чечти.