
2026-жылдын 1-9-январь күндөрү, жаңы жылдык каникул учурунда, медициналык мекемелер жооптуу кызматкерлердин дежурствосунда кадимки режимде иштейт. Түнү бою тез жардам көрсөтүү камсыздалат, өзгөчө дарылоого муктаждар үчүн орун резерви түзүлөт, ошондой эле керектүү медициналык препараттар жана кан компоненттеринин запастары болушу кепилденет.
Амбулатордук деңгээлде, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана жалпы врачтык практикада, 1-9-январь күндөрү үй-бүлөлүк врачтар жана медайымдардын дежурствосу 08:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат, ал эми процедуралык кабинеттердин иши 14:00гө чейин улантылат.
Бишкек, Ош жана башка аймактардагы тез жардам кызматы дем алышсыз түнү бою иштейт. Ошондой эле санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши жана майрам күндөрүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана лабораториялардын адистеринин дежурствосу камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдарда медициналык жардам убагында жана толук көлөмдө көрсөтүлөт деп ишендирет. Граждандарды зарылчылык болсо медициналык уюмдарга кайрылууну кечиктирбөөгө чакырышат.