Минтруда: Кыргызстандагы 114 фостердик үй-бүлөдө 250 бала тарбияланууда
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдөгү фостердик үй-бүлөлөрдү өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барууда. Ар жылы потенциалдуу фостердик ата-энелерди даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдөгү балдарды камсыздоо үчүн бюджеттик каражаттар бөлүнөт. Бүгүнкү күндө республикада 114 фостердик үй-бүлө иштеп жатат, анда 250 бала тарбияланууда. Мындан тышкары, фостердик ата-энелер катары иштөө үчүн 31 талапкер катталды. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдөн жардам ала