
КРнын Башкы прокуратурасы ГСИН үчүн сатып алынган балыкка баанын жогорулашы боюнча фактыларды ачты.
Маалыматка ылайык, кылмыш-жаза аткаруу системасында мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу текшерүү башталган.
Текшерүүнүн натыйжасында, 2025-жылы ГСИНдин жооптуу кызмат адамдары мамлекеттик сатып алуулар процессинде тоңдурулган балыкты жогорку баада сатып алышкандыгы аныкталды. Бул мамлекетке 15,9 миллион сом зыян келтирди.
Ачыкка чыккан мыйзам бузуулар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.