











4-февралда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү министри Догдуркуль Кендирбаева Манас шаарындагы «Акылман» лицейинин курулушу менен таанышты. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, аталган лицей 360 окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет жана үч кабаттан турат.
Окуу жай заманбап класстар, робототехника кабинети, лабораториялар, көрсөтмө жайлары, ошондой эле ашпозчулук классы жана металл менен жыгачты иштетүү үчүн устаканалар менен жабдылат.
Мындан тышкары, ыңгайлуу билим алуу үчүн тамактануучу жай, китепкана, спорт зал, бассейн жана жатакана каралган.
Кийин министр Манас шаарындагы профессионалдык лицей №75тин иши менен таанышып, педагогдор менен жолугуп, окуу процессине байланыштуу маселелерди талкуулады.