Бүгүн, 11-февралда, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Кыргызстанга 700 миллион йендик жол техникасы жана жабдууларды тапшырды. Тапшыруу аземи Баткенде өттү, агенттиктин маалымат кызматында айтылат.
Бул жардам «Баткен облусунда автомобиль жолдорун тейлөө жана жол жабдууларын жакшыртуу долбоору» алкагында берилди.

Жардамды берүү аземине Япониянын Кыргызстандагы Чрезвычайдуу жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити, JICAнын республикадагы туруктуу өкүлү Котаро, транспорт жана байланыш министринин орун басары Бекназар Базаралиев, Баткен облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана башка расмий адамдар катышты.

Алынган техника жана жабдуулар Баткен облусунда техникалык тейлөө жана жол жабдууларын жакшыртуу үчүн колдонулат, бул уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, региондун жана бүт республика экономикасынын өнүгүүсүнө маанилүү салым болуп калат.

Сүрөт www
