Бүгүн Ош шаарында Кыр-Арык (Увам) каналынын жээгинде жана Монуев көчөсүндө жайгашкан жаңы сквердин ачылышы болду.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, иш-чарага мэр Женишбек Токторбаев, Ош шаардык кенешинин төрагасы жана шаар тургундары катышты.

Жаңы сквер шаар тургундары үчүн эс алуу шарттарын жакшыртууга жардам берет жана Ош шаарын көрктөндүрүү боюнча кеңири программанын бир бөлүгү болуп саналат.