Рейстер Узбекистанда катталган Centrum Air авиакомпаниясынын учактары менен аткарылат. Биринчи рейс 1-апрелге пландалган.
Туруктуу учуулар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү – Airbus A320 учактары менен өтөт.Жолдо болуу убактысы 1 саат 10 мүнөттү түзөт, ал эми билеттин минималдуу баасы 10 850 сом (же 1,5 млн сум, бул $124ке барабар) эки тарапка, жүк эсепке алынбастан.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан, ошондой эле башка жеткиликтүү сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.